Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.07.2014 12:26

Барскоон айылындагы жаӊы конуштарга трансформатор коюлуп, электр зымы тартылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы жаӊы конуштарга трансформатор коюлуп, 300 метр электр зымы тартылды. Бул тууралуу Жаштык жаӊы конушунун тургуну Асангазы Мамыралиев билдиргендигин аймактык кабарчы маалымдады.

Анын айтымында, Барскоон айылынын Ак-Коргон, Жаштык жаӊы конуштарында электр тутуму жүргүзүлбөй, эл өз алдынча башкы чубалгыга кошулуп алышкан.

«Кыш күндөрү араӊ турган чубалгылар жарактан чыгып ,жарык өчүп калчу. Эми ЖК депутаты Эркингүл Иманкожоеванын колдоосу менен «Чыгыш электр» ААК 252 квт кубатуулуктагы жаӊы көмөк чордон коюп берүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×