Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.07.2014 12:34

Барскоон айылындагы жаӊы конуштарга ичүүчү суу жетишпейт

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы жаӊы конуштарга ичүүчү суу жетишпейт. Бул тууралуу Жаштык жаӊы конушунун тургуну Асангазы Мамыралиев билдиргендигин аймактык кабарчы маалымдады.

Анын айтымында, Ак-Коргон, Жаштык айылдарынын жашоочулары ичүүчү сууну ташып ичишет.

«Ал жерге таза сууну жеткириш үчүн көп каражатты талап кылат. Суу тутумунун курулушуна айыл тургундарына бөлүштүрө келгенде 700 миң сом чыгып кетет экен. Мындай каражатты жаӊы конуштардын үй -бүлөлөрү үчүн оор болуп калат», - дейт айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×