Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.07.2014 11:50

Жети-Өгүз курортунун аймагында жашаган эл жер тилкесине муктаж

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз курортунун аймагында жашаган эл жер тилкесине муктаж. Бул тууралуу айыл тургундары маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын айтымында, жакында Жгорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева Жети-Өгүз районунун калкы менен жолугушкан. Анда жергиликтүү тургундар депутатка үй салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин айтымында, курорттун жери өзгөчө коруктагы аймак, ошондуктан аны өзгөртүү кыйын. Жер бөлүп берүү үчүн курортко айыл макамы берилиш керек.

Депутат Э.Иманкожоева бул маселени чечүү үчүн мыйзамды карап көрүш керектигин жана курорттун тургундарынын өтүнүчүн чечип берүүгө аракет кылып көрүүгө убада кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×