Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.07.2014 14:35

Фото — Жети-Өгүз районунун четки аймагына браконьерлердин Ысык-Көлдөн Нарынга өтүүсүнө бөгөт боло турган жаңы экологиялык пост ачылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынан 70 км алыстыкта кечээ, 7-июлда КРнын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Аңчылык департаментинин кызматкерлери жаңы экологиялык пост ачышты.

Аңчылык департаментинин директорунун орун басары Алмаз Мусаевдин айтымында, аталган пост Арабел-Буркан ашуусунда жапайы жаныбарларды браконьерлерден коргоо максатында ачылды. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамын бузгандарга каршы Кыргызстан боюнча жигердүү күрөш жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Жаңы мыйзамга ылайык штаттан тышкаркы, инспекторлордун функционалдык милдеттерге үйрөтүлүп, департаменттин кызматкерлерине көмөк көрсөтүү менен бирге броконьерликке бөгөт болору билдирилди.

Мындан тышкары, Кыргызстандын четки аймактарындагы жапайы жаныбарларга зыян келтиргендердин төлөй турчу айып пулунун суммасы көрсөтүлгөн атайын календарлар чыгарылды.

Белгилей кетсек, аталган экологиялык пост жай мезгилинде гана иштейт. Ал эми кышкысын кардын молдугуна байлыныштуу жабылып, андан ары эч ким өтө албайт. Жети-Өгүз районунда жалпысынан жаңы менен кошо 2 пост бар. Анда бардык кирген жана чыгып бараткан автоунаалар текшерүүдөн өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×