Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.07.2014 17:20

Жети-Өгүз районундагы Барскоон-Ак-Шыйрак жолунда Тарагай суусу аркылуу кетчү көпүрөнүн курулушу 70 пайызга бүтүп калды

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Барскоон-Ак-Шыйрак жолунда Тарагай суусу аркылуу кетчү көпүрөнүн курулушу 70 пайызга бүтүп калды. Бул тууралуу аймактык экотехинспекция башкармалыгынан билдиришкен, деп маалымдайт аймактык кабарчы Замир Асаналиев.

Экотехинспекция башкармалыгынын кызматкери Касымбек Кадыралиевдин айтымында, көпүрөнүн курулушу 70 пайыз бүтүп калды.

«Дагы бир 15 күндө толук бүткөрүлөт. Бетон тирөөчтөрү орнотулуп, темир бетон плиталар коюлууда. Курулуштун жалпы суммасы 7 миллион 100 миӊ сом. Көпүрө өтө бышык курулууда ишке киришсе, бул көпүрө дагы 100 жыл турат», -дейт ал.

Аймактагы үч айылдын жана алты чек ара тозотунун чек арачылары курулушчуларга ыраазылык билдиришүүдө.

«Өткөн жылы катуу сел жүргөндө көпүрөнү агызып кеткен. Эл кыйналды. Тез жардам автоунаасы дагы аккан. Ичинде кош бойлуу аял жана оорулуу бала бар болчу. Мергенчилердин автоунаасы менен сүйрөп чыгышкан. Бизди кыйынчылыктан чыгарган бийлик өкүлдөрүнө жана куруучуларга көпүрөнү куруп берип жатышканына рахмат», –дейт айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×