Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.07.2014 10:07

Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылдык мектебине күндүн энергиясы менен жылытуу ыкмасы ишке ашырылып жатат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында мектепти жылуулоодо заманбап технологияны колдонуу жана күндүн энергиясын пайдалануу менен имаратты жылытуу ыкмасы боюнча долбоор иш жүзүнө ашырылууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору Жеӊишбек Урумов маалымдады, деп билдирет turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Ак-Кочкор айылындагы мектепти жылуулоо жана күндүн энергиясы менен имаратты жылытуу иштери Германдык кызматташтык уюмунун колдоосу аркылуу ишке ашырылууда. Мектеп жамааты 2,5 млн сомго долбоор жазышып, ал иш жүзүнө ашып мектепте курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан чак.

«Буюрса, айылдык мектеп 1-сентябрга чейин даяр болуп калат», - дейт Ж.Урумов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×