Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.07.2014 12:22

Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында жер титирөө жана өрттөн коргонуу боюнча машыгуу өткөрүлдү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы «Тополек» эс алуу жайынын аймагында жарандык коргонуу боюнча машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Ага ӨКМдин облустук башкармалыгынан, райондун жарандык коргонуу бөлүмүнөн бардык мекеме уюмдарынан өкүлдөр келип катышты.

Сценарий боюнча, 8 балл жер титирөө болуп, оор кырдаалда адамдарды сактоо, жаракат алгандарды куткаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Жер титирөөнүн, кыйроонун натыйжасында өрт чыгып аны өрт өчүрүүчүлөр бригадасы өчүрүп жатышты.

Чатырлар орнотулуп, качкындарды кабыл алуу уюштурулду. Анда жабыркагандар жайгаштырылып ,медициналык жардам көрсөтүлдү.

Санэпидкөзөмөл кызматы атайын аппараттар менен радиацияны текшерүүгө жер кыртышынан топурак алышты, ал жерде өскөн өрүктөрдөн алышты. Өздөрүнө берилген тапшырмалар үстүндө куткаруучулар, медициналык кызматкерлер, тартип сактоочулар иштешти.

Баардыгы болуп 500 адам машыгууга катышты. Жарандык коргонуу боюнча машыгуулар 3 күн өттү жана ӨКМ өкүлдөрүнүн бүтүмүндө, иш-чара максатына жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×