Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.07.2014 13:21

Жети-Өгүз районунун « Эдельвейс» экологиялык эс алуу лагеринде 35 бала эс алып кайтты

Turmush -  Жети-Өгүз районунун « Эдельвейс» экологиялык эс алуу лагеринде 35 бала эс алып кайтышты. Бул тууралуу аталган лагерден билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, «Эдельвейс» эс алуу лагеринин өзгөчөлүгү мында балдарды экология, жаратылышты коргоо, ага аяр мамиле кылууга үйрөтүп окутат. Ушул 10 күн ичинде ар кандай оюндар, көргөзмө конкурстар аркылуу балдарга жаратылыш тууралуу баяндамалар окулуп, ал боюнча талкуулар жүрдү.

Ак-Шыйрак сырт аймагынан келген мектеп окуучуларга Ак илбирсти коргоо иш-чарасынын активдүү катышуучулары өздөрүнүн жаратылышка болгон мамилени көрсөтүшкөн сахна өнөрлөрүн көрсөтүштү жана башка балдар менен чогуу оюн коюшту. Балдар аларга аралашып, иш-чаранын жүрүшүндө жаратылышка аяр мамиле кылуу үлгүсүн алышты.

Экологиялык таалим тарбия алган балдар 10 күн ичинде табигатка болгон көз караштары өзгөрдү, дейт лагердин тарбиячылары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×