Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.08.2014 16:29

Саруулуктарды коргоодо менин эл алдында жүзүм ак, - акыйкатчы Б.Аманбаев

Turmush -  Саруулуктарды коргоодо менин эл алдында жүзүм ак, деп билдирди акыйкатчы Бакыт Аманбаев «Кезинде сиз «Кумтөрдөн» акча доолагандарды коргоп чыктыңыз эле. Азыр алардын экөө 15 жылдан эркинен ажыратылды. Мыйзамсыз жол тоскондордун укугун коргоо мыйзамдуулукка жатабы?» деген суроого жооп берип жатып.

Ал белгилегендей, «Кумтөрдүн» айланасындагы маселе - өзү чоң маселе. Саруу айылында болсо 15 миңдин тегерегиндеги эл жашайт.

«Саруулуктар мага «биз изоляцияда калдык, биздин балдар тыяк-быякка чыкса эле кармап кетип уруп жатышат, укугубузду коргоп бериңиз» деп менин наамыма кайрылышты. Мен Акыйкатчы катары Сарууга барып, эки күн жүрүп, эл, аксакалдар, кырдаал менен тааныштым. Жаштар, аялдар, облус жетекчилери, жергиликтүү прокуратура, милиция кызматкерлери менен аңгемелешип, кырдаалды иликтеп чыктым. Жолугушуу, сүйлөшүүлөрдүн баарын тасмага түшүрдүк. Айыл эли мага баланча деген балабызды сабап, чөбүбүздү өрттөп кетишти, ушул жердеги кырдаалды коомчулукка жеткирип бере аласыңбы деген маселени коюшту. Мен Акыйкатчы катары жеткире алам деп убада берип, борборго келип элдин өтүнүчүн коомчулукка, бийликке жеткирдим. Анын баары менин сөзүм эмес, элдин сөзү. Аны жеткирбесем болбойт эле. Ошондуктан бул жерде менин эл алдында жүзүм ак», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×