Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.01.2014 15:44

Жети-Өгүздүн Барскоон айылында мыйзамсыз кыйылган 5 куб карагай кармалды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында мыйзамсыз кыйылган 5 куб карагай кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирет.

Жети-Өгүз токой чарбасынын жетекчиси Кубанычбек Көйкөев билдиргендей, көп жылдык карагайларды мыйзамсыз кыюуга каршы күрөшүү боюнча облуста жарыяланган үч айлыктын алкагында Жети-Өгүз районунда Мамэкотехинспекциясынын жана Токой чарба агенттигинин аймактык кызматкерлери рейд жүргүзүшкөн. Рейддин натыйжасында Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын карагай тилүү жайында мыйзамсыз кыйылып келинген 5 куб карагай кармалган.

«Карагайларды кимдер калтырып кеткенин аныктоого мүмкүн болго жок. Себеби ал түнкүсүн түшүрүлгөн. Карагайды мыйзамсыз кыйгандар уюшкан топтор болушу мүмкүн. Токойчулар аларга көзөмөл кылып жетишпейт. Бир токойчуга 3 миң гектар жер бөлүнгөн. Атчан кайтарышат, колуна курал берилбейт, болгон куралы камчы. Кээде токойчуларды жалгыз жүргөндө сабап кеткен учурлар болот. Айлык акылар да төмөн болууда», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×