Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.08.2014 10:36

Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жер астындагы сууларды агызуу үчүн орнотулган дренажды тазалоо иштери жүрүүдө

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылында көп жылдан бери жер астындагы сууларды агызуу үчүн казылган дренаждар тазаланбай калган. Азыр дренажды тазалоо иштери кайрадан башталып, иш кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Дархан айыл өкмөтүнөн маалымдашкан, деп билдирет аймактык кабарчы.

Дархан айылынын аймагында жер астындагы сууларды агызуучу дренаждарды тазалоого жардам кылуу өтүнүчү менен айыл өкмөтү Кумтөр компаниясына кайрылган.

Компаниянын башкармалыгы айыл тургундарынын өтүнүчүн кабыл алып, кубаттуу экскаваторду аларга бөлдүрүп беришкен. Учурда айылдагы таза суу чыгаруучу скважина казылып, дренаждар тазаланууда.

Маалымдалгандай, бул иштер бүтүп калса, Дархан айылынын калкы жер астындагы суулардан арылып, скважинадан келчү түтүктөрдү тазалап, таза суу маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×