Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.08.2014 13:16

Жети-Өгүз районунун Жууку капчыгайында эки жолу өрт чыгып, 1 гектардан ашык жер өрттөндү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жууку капчыгайында экинчи жолу өрт чыкты. Бул тууралуу Каракол шаарындагы өрт өчүрүүчүлөр кызматы маалымдаган, деп билдирет аймактык кабарчы.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн маалыматында, Жети-Өгүз районундагы Жууку капчыгайында 31-июлда өрт чыгып, анда 1 гектардан ашык жер өрттөнгөн.

Ал эми 8-августта Жуукунун тоосунда кайрадан өрт чыккан. Ал жердеги өрттү токтотууда ӨКМ 10 кызматкерлери иштешкен. Ошондой эле, өрт кырсыгы Ысык-Көл районунун Темировка айылынын Ат жайлоо деген жеринде катталган. Ал тоолордогу кургак чөп бадалдар өрттөнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×