Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.08.2014 14:10

Ысык-көлдүк фермерлер чөпкө болгон баанын жогорулашын божомолдошууда

Turmush -  Ысык-көлдүк фермерлер чөпкө болгон баанын жогорулашын божомолдошууда. Баанын көтөрүлүшүнүн негизги себеби, тоют чөптүн баасы, сугат суусунун жетишсиздигинен улам чөптүн аз түшүмдүүлүгү болууда.

Фермерлер билдиришкендей, учурда 1 түк чөптүн баасы 300 сом болсо, ал эми былтыркы жылы бул убакта 200 сом болгон.

«Кышка жакын чөпкө болгон баа мындан да жогору болушу мүмкүн, бул жылы малды кармоо кыйын болот», - дейт Жети-Өгүз районунун жашоочусу Ахмет.

Анын айтымында, бир уйду багыш үчүн күнүнө 5-6 түк чөп кетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×