Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.08.2014 18:00

Барскоон айылындагы канаттуулар фермасында күнүнө 1,5 миң жумуртка алынат

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы канаттуулар фермасында 1,5 миң тоок багылат. Бул тууралуу Барскоон айыл аймагынын башчысы Руслан Эшмамбетов билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду үстүбүздөгү жылдын жазында 1,5 миң тоок сатып алуу үчүн Барскоон айыл аймагына 2 млн сом бөлүп берген.

«Тооктор күнүнө 1,5 миң жумуртка берет. Биз аларды Барскоон айылынын элине арзан баада сатып, түшкөн киреше өзүбүздүн бюджетте калат. Бул өз кезегинде айрым социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк берет», - деди ал.

Маалым болгондой, жакын арада жумурткалар стандарттык формага ээ болгон соң, жергиликтүү бийлик органдары «Кумтөр» менен ири көлөмдө жумуртка жеткирип туруу боюнча келишим түзүүнү пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×