Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.08.2014 09:45

Ысык-Көл облусунун жашоочулары ЖК депутаттарынан Түп районундагы «Каркыра» каналынын курулушуна жардам көрсөтүүнү суранышты

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жана Абдыманап Кутушев (КСДП) Ысык-Көл облусунун калкы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Жолугушууда депутат Ч.Турсунбеков бүгүнкү күндө сугат суунун жетишсиздик маселеси курч тургандыгын билдирди. «Бул көйгөй баардык аймактарда белгиленүүдө», - деди фракциянын лидери.

Депутаттар менен жолугушууда Ысык-Көл облусунун жашоочулары жалпы аянты 7 миң гектар болгон айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылууга жол бере турган Жети-Өгүз районундагы Сасык-Үңкүр жеринде айлык жөнгө салуучу суу сактагычын куруу зарылчыгынын белгилешти.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусундагы Түп районундагы «Каркыра» каналынын курулушу аяктаса, анда сугат суу менен 6 миң гектар айыл чарба жерлери суу менен камсыз боло тургандыгы белгиленди.

Аталган каналдын курулушу 20 жыл мурун башталган жана анын 70% курулуп бүткөн. Курулуштун жыйынтыкталышы үчүн жалпы узундугу 17 км болгон каналдын лоткаларын орнотуу керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×