Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.08.2014 17:09

Жети-Өгүз району боюнча бул жылы бир нече оңдоп-түзөө жана курулуш иштери пландалган (тизме)

Turmush -  Бул жылы Жети-Өгүз районунун бир нече айыл округдарында бир нече оңдоп-түзөө жана курулуш иштери пландалган. Каражат Каржылоо Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Фонду тарабынан каржыланат.

Пландалган иштер:

- Тамга айыл өкмөтү, каналды оңдоп-түзөө. Тосор — 500 миң сом;

- Барскоон айыл аймагы, айылга куш-канаттар фабрикасын түзүү (калдык) — 408 миң сом;

- Жаргылчак айыл өкмөтү, Кичи-Жаргылчак айылындагы спорт комплексинин курулушун улантуу — 420 миң сом;

- Дархан айыл өкмөтү, Дархан айылында клубдун курулушу — 7 млн сом;

- Саруу айыл өкмөтү, Саруу айылындагы күйүүчү майлоочу май имаратынын оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктоо — 219 миң сом;

- Оргочор айыл өкмөтү, Боз-Бешик айылындагы каналдын оңдоп-түзөө иштери — 97 миң сом;

- Светлая поляна айыл округу, Чон-Кызыл-Суу жана Светлая поляна айылдарындагы жасалма жол менен уруктандыруу пунктунун ачылышы — 200 миң сом;

- Жети-Өгүз айыл өкмөтү, спорт комплекстин курулушунун улантылышы - 4 млн сом;

- Липенка айыл округу, семиртүүчү цехинин түзүлүшү — 165 миң сом, Ичке-булуң айылындагы К.Эсенкожоев атындагы мектептин спорт залынын оңдоп-түзөө иштери — 40 миң сом;

- Ирдык айык өкмөтү, Жон-Булак айылындагы спорт залынын курулушунун улантылышы — 3 млн сом, Кытай айылындагы спорт курулушунун улантылышы — 6 млн сом, Конкино айылындагы су менен камсыз кылуу ишканасынан оңдоп-түзөө иштери — 75 миң сом;

- Ак-Шыйрак айык өкмөтү Үч-Кошкон айылындагы мектеп-интернатынынын жатаканасын курулушу — 3 млн сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×