Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.08.2014 12:43

Ирдык айылынын тургундары жаңы мектепти ачуу үчүн кошумча акча талап кылынгандыгына нааразы

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ирдык айылында быйыл жаңы окуу жылында жаңы мектеп ачылат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Жергиликтүү элдин айтымында, жаңы мектепке бара турган окуучулардын ата-энелери ачылыш салтанатын өткөрүүгө 500 сомдон берүүгө тийиш.

«Мектептин жетекчилиги окуу жайынын ачылышына жана башка бир катар иш-чаралар үчүн акча керектигин билдирди», - дейт айыл тургундары.

Маалым болгондой, чогултулган каражаттын канча өлчөмдө жана кандай максатта жумшалары такталган жок.

Ал эми ата-энелер бул талапка нааразы болуп, мектептин жетекчилигинин каражат талап кылууга укугун териштирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×