Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.08.2014 15:52

Жети-Өгүз районунун 5 айылында буудайдын жана арпаны жыйноо иштери 25%га жыйынтыкталды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 5 айылында буудайдын жана арпаны жыйноо иштери 25%га жыйынтыкталды. Бул тууралуу Барс-S муниципалдык ишканасынын директору Ислам Сааданбеков билдирди.

Анын айтымында, Тосор, Тамга, Барскоон, Кичи-Жаргылчак жана Чоң-Жаргылчак айылдарында түшүм жыйноо иштери жүргүзүлүүдө.

«Ар бир гектардан 15тен 18 центнерге чейин чыгууда. Бул былтыркы жылдарга салыштырмалуу бир аз азыраак, анткени, быйыл абдан ысык жана кургакчылык болду», - дейт ал.

Аталган айылдарда буудайды жана арпаны жыйноо иштери мунициналдык ишкананын директорунун маалыматы боюнча ушул жылдын 20-сентябрына чейин жыйынтыкталат.

Учурда 5 айылда 6 муниципалдык комбайн иш алып барууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×