Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.08.2014 10:27

Жети-Өгүздөгү Кытай айылынын мугалимдери бирдиктүү формага өтөт

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кытай ыйылындагы Турдубек Дыйканбаев атындагы орто мектептин мугалимдери бирдиктүү формага өтөт. Бул туралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

«Бирдиктүү форманын тарбиялык мааниси чоң, анткени сабак учурунда мугалим кооз, ачык түсдөгү кийим кийсе, окуучунун көңүлү ошого бурулат. Эгер бирдиктүү форма киргизилсе, ал көндүм адатка айланып, билим сапаты жугумдуу болот», - дейт аталган мектептин директору Максат Курманалиев.

Кошумчалай кетсек, форманы 21 мугалим алып, бир форманын баасы 2 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×