Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 02.09.2014 17:00

Барскоон айылынын экинчи мектебинин ачылышы 1-октябрга жылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскон айылында экинчи болуп ачылчу мектептин имаратынын ачылыш салтанаты 1-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Барскоон айыл аймагынын башчысы Руслан Эшмамбетов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Р.Эшмамбетовдун айтымында, жаңы мектеп 2011-жылдан баштап курула баштаган. Бул мекемеге 324 окуучу билим алуусу пландалган. Быйылкы жылы толук кандуу бүткѳрүлүп, ачылышы болмок. Мектеп жабдуулары белгилүү себептер менен кечиктирилип жаткандыктан, ачылууу аземи кийинки айга жылдырылды.

«Кеп бир айда эмес экен. Бир айда толук 100%га бүтүп калат деп ишенип атабыз. Эми негизгичи эмеректери кечигип кармалып атат. Бул дагы чечүлчү маселе болуп калды», - айыл аймагынын башчысы.

Имаратты курууга Ысык-Кѳлдү ѳнүктүрүү фондунан жалпы 64 млн сом каралган. Ал мектептепке, спорттук залга, ашканага, окуучулар үчүн даараткананы курууга жумшалган. Ал эми айылдагы жаңы конуштун тургундарынын жардамы жана жергиликтүү бюджеттеги быйылкы жылдын эсебинен тийиштүү ѳлчѳмдѳ акча каралып мектепке суу киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×