Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.09.2014 11:23

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында бала бакча жетишсиз

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында мектепке чейинки билим берүүчү 1 гана мекеме бар. Ал 70 орундук болгондуктан, жергиликтүү тургундардын балдары толук кандуу бакчага бара алышпайт, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ал эми Барскоон айыл аймагынын башчысы Руслан Эшмамбетовдун айтымында, айылга дагы 2 бала бакча ачуу керек.

«Ата- энелер көп эле. Себеби, бизде көп ишканалар бар. Ар ким жумуштарда иш алып барып атышыт. Ошолордун балдары бала бакча менен камсыз болгон деп толук айта албайм. Себеби, бала бакча болсо деген элдердин мүмкүнчүлүгүн четинен аткарып келе жатабыз. Ошондой болсо деле бала бакча жетишсиз болууда. Жеке менчик бала бакча ачсанар болот деп жарандарга айтып жатабыз. Эгерден бюджеттен каражат бөлүп калышса, 2 бала бакча ачабыз деген үмүтүбүз бар», - дейт айыл аймагынын башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×