Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.09.2014 17:30

Жети-Өгүздө жылуулук системасы күн батареяларына негизделген мектеп ачылат

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында 10-сентябрда О.Эсенканов атындагы мектептин ачылышы болот.

Жарандык коомду колдоо фондунун басма сөз кызматы маалымдагандай, мектептин жылуулук системасында инновациялык ыкмалар колдонулуп, күн батареяларына негизделген.

Маалыматка ылайык, мектеп 170 окуучуга ылайыкташтырылып, анда 22 мугалим жана 6 техникалык кызматкер эмгектенет.

Маалым болгондой, бул долбоор жергиликтүү бийлик органдары менен жарандык коомдун жана Эл аралык кызматташтык боюнча герман коомунун долбоорунун алкагында ишке ашты.

Фонд жабдууларды сатып алуу жана орнотууга, ошондой эле, демонтаждоо жана оңдоп-түзөө иштерине 2 243 160 сом каражат бөлгөн.

Мектептин имаратында мурда дүкөн орун алган алса, учурда ал калыбына келтирилип, терезелери жылууланда.

Ошондой эле, полу алмаштырылып, таза суу тартуучу суу түтүктөрү орнотулду.

Мындан тышкары, айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн 50 миң сомго электр батареялары да орнотулган.

Аны менен катар, жергиликтүү эл кошмча иретинде 32 миң сом топтоп беришкен.

Кошумчалай кетсек, реновация учурунда күн батареяларын орнотуу көргөзүлүп, мектеп ачылган соң энергиянын альтернативдүү булактары менен тааныштыруу улантылары билдирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×