Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.09.2014 13:32

Ысык-Көл облусунда жемиштерди кургатуу үчүн жаңы технология иштелип чыкты

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жемиштерди кургатуу үчүн жаңы технология иштелип чыкты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Облустун дыйкандары билдиришкендей, жаңы заманбап, жабдыкты колдонуу менен кургак жемиштерди өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кургатуу камералары үчүн база катары 20 тонналык металлдык контейнерлер кызмат кылат, анда жер жемиштерди жана дарылоочу чөптөрдү жада калса ээти дагы кайра иштетип чыгууга болот. Ага 20 тонна батат, ичинде 5 жыгачтуу шкафтар, алардын ар биринде 17 ящик бар.

Белгилей кетсек, бул орнотуулар күн батареяларынын эсебинен иштейт. Анын жардамы мнен кантейнердин ичиндеги аба ысып имараттын ичинде 3 желпиме менен айдалып чыгат. Мындай жол менен жемиштер кургатылат. Учурда кургатуучу камералары Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу жана Ак-Терек айылдарына орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×