Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.09.2014 14:09

Ысык-Көлдүн Кичи- Жаргылчак айылында тендерди жеңип алган компания 4 жылдан бери спорт комплексинин курулуш иштерин бүтүрбөй келет

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында спорт комплексин куруу боюнча 16 млн сомдук тендерди жеңип алган «Торгстрой» компаниясы акчаны алып, курулушту бүткөрбөй таштап койгон. Бул тууралуу Кичи-Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргалбек Молдакунов билдирди.

Анын айтымында, 2010-2011-жылдары «Торггстрой» компаниясы тендерди утуп алып спорт комплексинин курулушун баштаган. Бирок аталган объекттеги курулуш иштери аягына чыгарылбастан үстүбүздөгү жылы токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×