Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.09.2014 18:08

Жети-Өгүздөгү Тилекмат айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кабыл алуучу бакча курулат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында бала бакча курууга тендер өткөрүлдү. Бул тууралуу Германиялык Жарандык коомду колдоо фондунун өкүлү Кыял Султанова билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

К.Султанованын айтымында, бала бакчада 2 тайпа ачылат. Анда 1 тайпасына мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бара алышат. «Негизинен бул бала бакчаны ачууда көптөгөн критерийлер бар. Алсак, анда электр энергиясын үнөмдөөчү альтернативдүү жагы каралат. Экинчиден, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын социалдык көнүшүү тарабы колго алынат», - дейт ал.

Бакчага керектелген каражаттын суммасы 3 млн сомдун тегерегинде болот. Курулуш иши келээрки жумада башталат, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×