Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.09.2014 18:15

Казак-кыргыз чек арасындагы Ак-Шыйракка маалымат жеткирүү максатында телеканал же телефон тарттыруу аракети көрүлөт

Turmush -  Жети-Өгүз районунда жайгашкан Ак-Шыйрак айылында маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо пландалууда. Бул тууралуу Германиялык Жарандык коомду колдоо фондунун өкүлү Кыял Султанова билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

К.Султанованын айтымында, келерки жылы Ак-Шыйрак айылына телефон же телеканалдарды тарттыруу каралууда. «Биз тоолуу, жетүүгө кыйын болгон айылдар менен иш алып барабыз. Ак-Шыйрак айылында бир гана КТРК тартат экен. Ал дагы аба ырайы бузулса кармабай калат. Ошол үчүн бул айылга маалыматтуулукту жеткирүү боюнча иштерди жүргүзүүнү пландоодобуз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×