Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.09.2014 15:03

Жети-Өгүз айылына биринчи жолу бала бакча курулууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айылында бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу айылдык кеңештин төрагасы Жыргалбек Алдаяров билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

Төраганын айтымында, беш айыл караган Жети-Өгүз айыл өкмөтүндө бүгүнкү күнгө чейин бир дагы бала бакча жок болчу. Буга тургундар нааразы болуп келишкен.

«Мындай маселени чечүү үчүн Жети-Өгүз айылында бала бакча курулуп жатат. Ал Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Кумтөрдүн өз эсебинен 750 миң сомго керебет, төшөнчүлөрү менен, газ плита, буздаткыч жана кир жуучу машина алып берди», - дейт ал.

Бала бакчанын ачылышы 1 айдын аралыгында уюштурулушу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×