Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.09.2014 16:05

Жети-Өгүздөгү Т.Дыйканбаев орто мектебинин мугалимдери бирдиктүү форма кийүүгө өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Т.Дыйканбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери бирдиктүү форма кийүүгө өтүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Аталган мектептин директору Максат Курманалиевдин айтымында, мугалимдер ар кандай кийимдерди кийип, окуучулардын кѳңүлүн алагды кылбаш керек. Ошондуктан мектептин мугалимдери бирдиктүү форма кийүүгѳ ѳтүшмѳкчү.

«Бизде эмгектенген 21 мугалим бирдиктүү форма сатып алышты. Бир форманын баасы 2 миң сомду түзѳт. Мындай кийимге ѳтүү тарбиялык максатта жүргүзүлүүдө», - деп билдирди директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×