Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.09.2014 13:13

Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджети 11 млн сомду түздү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджети 11 млн сомду түздү. Бул тууралуу Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ариф Сарыбаев маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

А.Арифтин айтымында, бул каражат айыл өкмөт үчүн жетишсиз. «Бул акчанын жарымы социалдык тармакка кетет. Анын ичинде мектептердин ремонту, жылытуусу, электр энергия, көмүр, айлык акылар баары кирет. Ошол үчүн жетишсиз болууда», - дейт ал.

Айыл өкмөттө учурда 6512 адам жашайт. Ошондой эле айыл өкмөткө Тилекмат, Аң-Өстөн, Ак-Дөбө, Мундуз айылдары кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×