Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.09.2014 13:50

Жети-Өгүздүн Асылбек Алтымышбаев орто мектеби 1 млн 132 миң сомго оңдоодон өтүүдө

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында академик Асылбек Алтымышбаев атындагы орто мектебинин №2 корпусун толук капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Өнүктүрүү саясат институту аркылуу 1 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Ак-Дөбө айыл өкмөтүнөн билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, ага айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 132 миң сом кошумча каралган. «Оңдоп түздөө иштери ушул айда - 15 күн мурда башталган. Ал толугу менен бир ай ичинде бүтөт деп пландалууда», - деп айтылат маалыматта.

Окуу имараты 75 орунга эсептелинген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×