Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.09.2014 13:54

Жети-Өгүздүн Ак-Дөбө айылында 24 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек маданият үйүн реконструкциялоо башталды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында 10-сентябрь күнү маданият үйүн толук оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ариф Сарыбаев маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

А.Сарыбаевдин айтымында, оңдоо ишине Өнүктүрүү саясат институту аркылуу 1 млн сом каралган. Ал эми айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 293 миң сом бөлүнгөн. «Бул иштин башталышы айыл үчүн жакшы жетишкендик. Себеби, маданият үйү 1990-жылдары салынган. Ошондон бери капиталдык оңдоодон өтө элек болчу. Буюрса, иш бир ай ичинде бүтүп калат деп пландап жатабыз», - дейт ал.

Учурда маданият үйүндө 5 киши эмгектен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×