Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.09.2014 11:05

Ысык-Көлдө 17 жаштагы студент кызды зордуктап, андан соң шымына муунтуп өлтүргөн кылмышкер Бишкектен кармалды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну 17 жаштагы студент кызды зордуктап, андан соң өзүнүн шымына муунтуп өлтүргөн кылмышкер колго түшүрүлдү.

Бүгүн, 29-сентябрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин кылмышкерди издөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Бишкек шаарынан Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын тургуну 23 жаштагы А. уулу Элдияр аталган өзгөчө оор кылмышка шектүү катары кармалды.

Эске салсак, мурдараак маалымдалгандай, ушул жылдын 7-июнунда Ак-Суу районундагы Черик айылынын аймагынан жергиликтүү тургандар тарабынан каза болгон жаш кыздын денеси табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларында белгилүү болгондой, өлтүрүлгөн кыз Жети-Өгүз районундагы Балтабай айылынын 17 жаштагы тургуну, үйүнөн чыгып Каракол шаарына окуусуна кеткен медициналык училищенин 2-курсунун студенти болгон.

Үйүнөн чыккан кыз жол тосуп, бейтааныш унаа менен кеткен боюнча жоголгон. Черик айылынан табылган кыздын денеси соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен алгач зордукталып, андан кийин өз шымына муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталды.

Бул кылмышты кылгандыгын мойнуна алган кылмышкерден далил буюм катары каза болгон кызга тиешелүү болгон уюлдук телефон менен кызыл түстөгү кол чатыр алынды.

Учурда кылмышкер камакка алынып, иликтөө иштери уланууда.

Тема боюнча: Ысык-Көл облусундагы жаш аялды өлтүрүүгө айыпталуучунун Жети-Өгүз районундагы студенттин өлтүрүлүшүнө катыштыгын милиция аныктоодо

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×