Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.09.2014 11:16

Кургак учук менен ооругандар оорунун туруктуу формасын жуктуруп алуудан кооптонушуп, «Жети-Өгүз» республикалык калыбына келтирүүчү борборуна келишпейт

Turmush -  Кургак учук менен ооруган көп оорулуулар «Жети-Өгүз» республикалык калыбына келтирүүчү борборуна кургак учук оорусунун туруктуу формасын жуктуруп алуудан кооптонушуп, келишпейт. Бул тууралуу «Жети-Өгүз» республикалык калыбына келтирүүчү борборунун директору Кубан Токтобаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, аталган мекеме 65 жылдан бери иштейт. Бул убакыт ичинде мурунку советтер союзунун Латвия, Литва, Эстония жана башка мамлекеттердин жарандары дарыланышкан. Өз убагында чоң адамдар үчүн калыбына келтирүүчү мекеме баарынан да мыкты деп эсептелген жана ал бүгүнкү күндө жалпы Кыргызстан боюнча жалгыз болуп эсептелинет.

Бирок, жабык түрүндөгү курак учук менен ооругандар Жети-Өгүзгө келгенден кооптонушат, себеби бул жакта 2013-жылга чейин кургак учуктун ачык формасы менен жабыркагандар дагы дарыланышкан.

«Былтыркы жылдын июнь айынан бери биз кургак учуктун ачык түрү менен ооругандарды кабыл албай калдык. Мындай бейтаптар алгач өздөрүнүн шаарларында же районунда дарыланышат. Бул жакта таза аба, оорулууларга баардык программа боюнча дарыланууга жол бере турган жаратылыш», - деп билдирет мекеменин директору.

Ошондой эле, анын айтымында, ден соолуктун программасына ылайык, оорулууларды калыбына келтирүү акысыз негизде жүргүзүлөт жана эл аралык донорлор ай сайын 18 доллардан беришет. Ошондой эле, камактан чыгарылгандар дагы жардам алышат.

«Бизде 33 инфекция бар, алардын арасында кургак учук эң актуалдуу ооруу болуп эсептелинет. Ошондуктан, бул ооруу саясий колдоого муктаж, мындай колдоо жок бир дагы медициналык кызматкер күрөшүүгө күчү жетпейт», - деп кошмчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×