Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.09.2014 16:20

Жети-Өгүз районундагы Сары-Мойнок ашуусунда кар көчкү түшүп, бир альпинистти басып калды, бирөө жарадар, - ӨКМ

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кечээ, 29-сентябрда саат 17:00дөр чамасында алдын ала маалымат боюнча, Сары-Мойнок ашуусунда (Каракол шаарынан 140 чакырым, Кумтөрдөн 30 чакырым аралыкта) 6 альпинист радиоантенна койгон убакта кар көчкү түшүп Абдылдаев Майрамбекти басып калган жана Кузьмин Михаил жабыркаган.

Издөө иштерин жүргүзүүгө бүгүн, 30-сентябрда саат 00:10до «Фонд спасения в горах» компаниясынан Каракол шаарынан 6 адам, Бишкек шаарынан 2014-жылдын 30-сентябрында 05:20да 10 адам чыгышты.

Мындан сырткары аталган компаниянын тик учагы учууга даяр абалда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×