Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.10.2014 10:37

Ысык-Көл облусунун аймагында 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматы боюнча 3-октябрь күнү саат 08:11 чамасында республикабыздын аймагында эпицентрде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Барскоон айылынан 5 км түштүк-чыгышты, Кичи-Жаргылчак айылынан 7 км түштүк-батышты, Тамга айылынан 10 км чыгышты, Ак-Терек айылынан 12 км түшүк-батышты, Дархан айылынан 25 км түштүк-батышты, Кажды-Сайдан 40 км чышышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Барскоон, Тамга, Кичи-Жаргылчак айылдарында - 4 баллга, Ак-Терек, Тосор, Жениш айылдарында – 3 баллга, Дархан айылында 2,5-3 баллага, Каджы-Сайда – 2,5 баллга сезилген.
Жер титирөөнүн координаттары түндүк тууралыгы 42° 09, чыгыш кеңдиги 77° 41´.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×