Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.10.2014 11:50

Фото - Жети-Өгүз районунун Богатыревка айылында 250 орундуу жаңы орто мектеп ачылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Богатыревка айылында 250 орундуу жаңы орто мектептин ачылышы өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2010-жылы октябрь айында башталган жана бүгүн расмий түрдө пайдаланууга берилди.

Мектептин ачылыш аземине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Э.Каптагаев, облустун райондорунун акимдери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана Нарын облусунан атайын делегация катышты.

Мектептин курулушу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, 36 млн сом бөлүнгөн, анын ичинен бүгүнкү күндө 32 млн сому өздөштүрүлдү.

Орто мектеп коомдук ишмер Кадыр Кыштобаевдин ысымын алды. Иш-чарага катышкан Кадыр Кыштобаевдин уулу Искендер Кыштобаев ыраазычылык билдирип, мектеп окуучуларына окууда ийгиликтерди каалады.

«Мектеп эми биздин атабыздын ысымын алып жүргөндүгүнө абдан кубанычтабыз. Бул мектептен келечекте биз сыймыктана турган татыктуу жана патриоттук балдар билим алышын каалайм», -деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×