Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.10.2014 11:31

Жети-Өгүздүн Светлая Поляна айылындагы орто мектепте алгачкы мугалим М.Барак уулунун музейи ачылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылындагы орто мектепте аймактагы алгачкы мугалим Мукаш Барак уулунун музейи ачылды. Бул тууралуу Светлая Поляна айылынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Мукаш Барак уулунун музейинде алгачкы мугалим жөнүндөгү эскерүүлөр, анын буюмдары, ошол учурдан кабар берген экспонаттар, ал учурда жашап, эмгегин эл үчүн арнаган эмгекчилердин сүрөттөрүнөн турган көргөзмө уюштурулган.

Мукаш Барак уулу чөлкөмдөгү алгачкы мугалимдерден болуу менен элдин сабатсыздыгын жоюуда көп эмгек кылган, бүт өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого арнаган адам болгон. Ал Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында окууну самаган жаштар сыяктуу Караколдогу окуу жайдын бирине кирет.

Бирок аны кулактын баласы деп окуудан чыгарып салышат. Кийин көптөгөн кыйынчылыктар менен оокууну бүтүрөт. Бирок аны айылдаштары эл үчүн бардык күчүн эмгегин арнаган инсан катары баалашат.

Мукаш Барак уулунун ата бабасы да элге эмгеги менен белгилүү инсандар болушкан. Чоӊ атасы Чыныбай Шабдан баатыр менен чогуу жүргөн адам болгон. Атасы Баракан билимдүү киши болгон. Көлгө кеме чарбасын уюштуруу жагын биринчилерден баштаган инсан болгон.

Мектептеги уюштурулган музей кийинки урпактарга өткөн тарыхты билүүгө, ата бабалардын мисалында жакшы нерселерге үйрөтөт, жаш муундарга тарбия таалим берүүдө түрткү болот дешет мектептин мугалимдери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×