Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.10.2014 19:35

Ысык-Көлгө быйыл июнь-август айларында 740 миң эс алуучу келди

Turmush -  Ысык-Көл облусунда быйыл июнь-август айларында эс алуучулардын саны 740 миңге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Улуттук статистика комитетинин айлана-чөйрөнү коргоо жана маалыматтык байланыш технологияларынын статистикасы бөлүмүнүн башчысы Каныкей Жантаева билдирди.

Анын айтымында, КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны 57 миң адамды түзсө, КМШ өлкөлөрүнөн тышкары келген эс алуучулардын саны 24 миң адамды түздү.

«Ысык-Көл облусунун курорттук аймактарынын уюшулбаган секторунда 547 миң адам эс алды. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча туризм тармагынан мамлектетик бюджетке 36 млрд 462 млн сом же ИДПнын 4,5%ы түштү», - деп билдирди ал.

Маалым болгондой, 2013-жылы туристтик ишмердүүлүктүн кирешеси 36,4 млрд сомду түзгөн. Туризм тармагынын негизги капиталына инвестициянын көлөмү 8 млрд 771 млн сом, туристтик кызматтарды экспорттоо 513 млн сом, ал эми, туристтик кызматтарды импорттоо 338 млн сомду түздү.

Ошондой эле, Крга келип кеткен чет элдтк жарандардын саны 3 млн 65 миң адам болсо, чет өлкөгө чыккан кыргыз жарандарынын саны 1 млн 401 миң адам болду.

Белгилей кетсек, туризм тармагынын кызматкерлеринин жылдык орточо саны 2013-жылга карата 7 миң 740 болсо, туризм тармагындагы сооданын көлөмү 13 млрд 945 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×