Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.10.2014 14:02

Жети-Өгүздүн Дархан айылында таза суунун жоктугунан калк арасында жугуштуу ооруларга чалдыккандар көбөйдү, - дарыгерлер

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылында таза суу жоктугунан улам калк арасында ар кандай жугуштуу оорулар менен ооругандар көбөйдү.

Жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемесинен билдиришкендей, гепатиттин ар кандай формалары менен ооругандардын саны өсүүдө. Дарыгерлердин пикиринде, оорулардын себептеринин бири — суу.

«Арыктагы кир сууну ичебиз. Мүмкүнчүлүкө жараша биринчи жардамдарды берип, облустук ооруканага багыттап турабыз. Буга катар эле элге санитардык-гигиеналык нормаларды сакташын түшүндүрүп турабыз», - дешет дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×