Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.10.2014 14:22

Жети-Өгүздүн Саруу айылында темир шифер жасаган устакана ачылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылында темир шифер жасаган устакана ачылды. Бул тууралуу Саруу айыл аймагынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун көмөгү менен Саруу айылындагы «Ынтымак» коому темир шифер чыгаруучу станок сатып алышкан.

Жалпы суммасы 2,461 миң сом турган станоктон чыгарылган курулуш материалы шаардагы сатылып жаткан темир шиферлерге салыштырмалуу 50 сомго арзан.

«Ынтымак» коомунун жумушчулары устакана иштеген мезгилден берки 3 ай ичинде 300 миң сом табышкан. Бул каражатка алар жүн тыткан, тор зым токуган станокторду сатып алып, ишкананы кеңейтүүнү максат кылышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×