Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.10.2014 18:27

«Курманджан Датка» тасмасы аймактарда да коюлуп, аны 100 миңден ашуун адам көрдү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын маданият үйүндө кечээ, 14-октябрда «Курманджан Датка» тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 270 орундуу маданият үйүндө көрсөтүлгөн тасмага билеттин баасы 100 сомду түздү. Ал эми, балдар 50 сомдон көрө алышты. Баетовдо аталган тасманы 3 күн көрсөтүү пландалууда.

Кинофонддун директору Урмат Айталиевдин айтымында, көчмө түрүндө көрсөтүүнүн негизинде алыскы аймактар менен бирге өлкө аймагынын 35%ында калк «Курманжан Датка» тасмасына күбө болду. Ал белгилегендей, калк тасманы жылуу кабыл алууда.

«Элдин өтүнүчү менен айрым райондордо тасма экинчи ирет көрсөтүлө баштады. Учурда караколдуктар жана жалал-абаддыктардан кайталап көрсөтүү өтүнүчү келип түштү. Биздин маалыматтарга ылайык, фильмди өлкө боюнча 100 миңден ашуун адам көрдү. Бүгүн, 15-октябрда Майлуу-Суу шаарында көрсөтүлүп, ага мэр катышмакчы. Ал эми, азыр Кочкор, Жети-Өгүз, Кара-Буура, Сузак, Кара-Суу, Кемин райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында көрсөтүлүүдө», - деп билдирди У.Айталиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×