Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.10.2014 17:24

Жети-Өгүз районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болуп, 3 адам оорукага жеткирилген

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 13-октябрда Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун 203-чакырымында «Хонда-Степвагон» жана «ВАЗ-2106» авто унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусттук ИИБ басма сөз кызматы билдирген, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, 31 жаштагы Дархан айылынын Э. М. аттуу жашоочусу «Хонда-Степвагон» автомашинасын айдап баратып, каршы жолго чыгып кетип, Жети-Өгүз районунун Конкин айылынын 37 жаштагы М. Ж. аттуу жашоочусу айдап бараткан «ВАЗ-2106» автомашинасы менен кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен «ВАЗ-2106» автомашинасынын айдоочусу жана Чырак айылынын 16 жаштагы У.Ж. жана 17 жаштагы С. К. аттуу жашоочулары каза болушуп, дагы үч адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышып, ооруканага жаткырылган.

Учурда бул жол-транспорт кырсыгы боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×