Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.10.2014 16:18

Жети-Өгүз району боюнча 9 айда бюджеттин киреше бөлүгү боюнча план 100,8 %га аткарылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району боюнча 2014-жылдын 9 айында бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда план 238935,3 миң сом болсо, 240940,3 миң сом чогултуп, план тапшырманы 100,8 % аткарды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 36936,6 миң сомго көп чогултулду. Республикалык салыктар боюнча план тапшырма 100,6 %, жергиликтүү салыктар 101,1 % аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×