Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.10.2014 15:08

Жети-Өгүз районунда дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү 20,7 центнерден айланды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 20,7 центнерден айланды. Бул тууралуу райадминистрациядан Турдубек Ишебаев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, район боюнча 15526 гектар аянттагы дан эгиндери өз мөөнөтүндө коромжусуз жыйналып алынды. Азыркы учурда 9223 гектар аянтагы картошка жыйналып сактоого коюлууда.

Айрым айыл аймактарындагы күздүк буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 22,0 центнерден, жаздык буудайдын түшүмү 21,3 центнерден айланды. Ал эми картошкадан дыйкандар гектарына 170 центнерден түшүм алышууда.

Район боюнча 360 гектар жердеги жашылча жыйналып алынды. Жашылчанын орточо түшүмү 170,4 центнерден айланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×