Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.10.2014 13:44

Дархан айылдык китепканасы жаңы эмеректерге жана китептерге ээ болду

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылдык китепканасы жаңы эмеректер менен жабдылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Дархан айылдык китепканасынан маалымдашты.

Алардын маалыматына ылайык, Дархан айылдык китепканасына ЮНИСЕФ менен Улуттук китепкананын биргелешкен долбоорунун негизинде китепканага өтө зарыл эмеректер – шкафтар, текчелер, стол, орундуктар,паластар,диван жана бөбөктөр үчүн жаңы китептер алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×