Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.11.2014 11:29

Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында 94 окуучуга ылайыкташтырылган жаңы мектеп колдонууга берилди (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында 94 окуучуга ылайыкташтырылган жаңы мектеп колдонууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш аземине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Акылбек Жаныбеков, «Ынтымак ордо» коомдук фондунун төрагасынын орун басары, Жети-Өгүз районунун акими жана жергиликтүү эл катышты.

Маалым болгондой, жаңы имараттын курулушу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 2011-жылы башталган.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Акылбек Жаныбеков быйыл облустун 75 жылдыгына карата 75 социалдык объекттин колдонууга берилери белгиледи.

«Быйыл облустун 75 жылдык мааракесине карата 75 объектти ишке киргизүү пландалууда. Алардын катарында мектептер да бар. Балдарыбыздын жылуу мектепте билим алышарына кубанычтабыз», - деди ал.

Бүгүнтөн баштап мектептин жаңы имаратында башталгыч класстын окуучулары окуп башташат. Ал эми, жогорку класстын окуучулары билим алууну 1989-жылы курулган мектептин мурдагы имаратында улантышат.

Белгилей кетсек, Боз-Бешик айылында 227 окуучу мектепке барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×