Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.11.2014 14:13

Жети-Өгүз районунда быйылкы жылда беш мектеп пайдаланууга берилди

Turmush -  Жети-Өгүз районунда быйылкы жылы беш мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын айтымында, быйылкы жылда 5 мектеп жана бир спорт комплекси пайдаланууга берилди. Анын мисалы катары, кечээ күнү ачылышы болуп, кызыл тасмасы кесилген. Боз–Бешик жана Мундуз айылындагы мектептерди айтууга болот. Окуучулар мурда мектептеги окуу класстарынын жетишсиздигинен 2 смен менен окуп келишсе, эми бир сменде окуп калышты.

Бул билим берүү мекемелеринин курулушу «Кумтөр» компаниясынын, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун, райадминистрация жана айыл аймактарынын жетекчилигинин биргелешкен аракетинин аркасы менен бүткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×