Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.11.2014 10:35

БШК Жети-Өгүздөгү Тамга айыл башкармалыгынын башчысын шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты

Turmush -  КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы үстүбүздөгү жылдын 3-октябрындагы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айыл башкармалыгынын башчысын шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты.

БШКдан маалым болгондой, Тамга айыл башкармалыгында кайра шайлоо 25-ноябрга белгиленди.

А.Дүйшембиевдин БШКга көрсөткөн документтерин текшерүүдө анын К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 6-курсунун студенти экендиги аныкталды.

КРнын «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билимге ээ эмес адам талапкерлигин кое албайт.

Ага байланыштуу БШК Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын А.Дүйшембиевди талапкер катары каттоо чечими менен катар шайлоону жокко чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×