Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.11.2014 15:38

Фоторепортаж — Президенттин аппарат жетекчилиги жана ЖК депутаттары Жети-Өгүз районундагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылында бүгүн, 7-ноябрда облустун 75 жылдык мааракесине карата Юсуф Хазрет атындагы жаңы мектептин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Ага президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева, өкмөттүн облустагы өкүлү Эмил Каптагаев жана облустук структуранын өкүлдөрү катышышты.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Д.Нарымбаев иш-чарада президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берип, окуучуларга ийгилик каалады.

Ошондой эле, өкмөт өкүлү да сөз сүйлөп, мектеп жетекчилигине өзүнүн белектерин тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×