Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.11.2014 09:30

Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн кийин 1232 турак үй жана 12 социалдык объект текшерүүдөн өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусу боюнча кечээ, 16-ноябрда 1232 турак үй жана 12 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 486 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада, 237 турак үй жана 3 социалдык объект II даражада, 44 турак үй жана 2 социалдык объект III даражада, 33 турак үй IV даражада жабыр тартканы аныкталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

КРнын улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 14-ноябрда саат 07:24 Ысык-Көл аймагында очогунда 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясынын текшерүү иштеринин негизинде жер титирөөнүн кесепетинен:

Тоң району боюнча: Тоң айыл аймагында 319 арыз түшкөн, 319 турак үй жана 2 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 25 турак үй I даражада, 2 социалдык объект жана 52 турак үй II даражада, 2 турак үй III даражада, 13 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Б.Мамбетов айыл аймагында 80 арыз түшкөн, 80 турак үй жана 1 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 36 турак үй I даражада, 32 турак үй II даражада, 1 социалдык объект жана 3 турак үй III даражада, 9 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Күн-Чыгыш айыл аймагында 480 арыз түшкөн, 444 турак үй жана 4 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 4 социалдык объект жана 370 турак үй I даражада, 52 турак үй II даражада, 22 турак үй III даражада жабыр тарткан.

Кажы-Сай айыл аймагында 120 арыз түшкөн, 61 турак үй жана 3 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 11 турак үй жана 3 социалдык объект I даражада, 11 турак үй II даражада, 15 турак үй III даражада жабыр тарткан.

Төрт-Күл айыл аймагында 70 арыз түшкөн, 70 турак үй жана 1 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 1 социалдык объект жана 24 турак үй I даражада, 40 турак үй II даражада, 6 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Ак-Терек айыл аймагында 114 арыз түшкөн, 70 турак үй жана 1 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 15 турак үй I даражада, 50 турак үй II даражада, 1 социалдык объект жана 2 турак үй III даражада, 3 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Көл-Төр айыл аймагында 150 арыз түшкөн, 150 турак үй текшерилди, анын ичинен жабыр тарткан турак үйлөр жок.

Жалпы Тоң району боюнча 1194 турак үй жана 12 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 481 турак үй жана 7 социалдык обьект I даражада, 237 турак үй жана 3 социалдык объект II даражада, 44 турак үй жана 2 социалдык объект III даражада, 31 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Жети-Өгүз району боюнча: Тамга айыл аймагында 38 арыз түшкөн, 38 турак үй текшерилди, анын ичинен 5 турак үй I даражада, 2 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×